КР БШКнын 2022-жылдын 25-мартында өтүүчү отурумунун күн тартибинин долбоору
25 марта 2022
Өткөрүү датасы: 25-март 2022-ж.
Убактысы: 18.30
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо, шайлоочулардын добуштарын сатып алуу тууралуу арыздар боюнча ички иштер органдардын маалыматы жөнүндө
(баяндамачы – укук коргоо органдардын жана прокуратуранын өкүлдөрү)
2. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер А.У. Исираилованын арызы жөнүндө
(баяндамачы – М. Кутбердиева, укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
3. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоонун натыйжалары жөнүндө
(баяндамачы – М. Кожокеева, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
4. Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер катары
С. Кудайбердиевди каттоо маселеси боюнча Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык кеңешинин кээ бир депутаттарынын жана «Бакай коому» Аксакалдар кеңешинин (Т. Назаралиев) арыздары жөнүндө
(баяндамачы – М. Кутбердиева, укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
5. Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышып жаткан «Жаштар» саясий партиясынын арызы жөнүндө
(баяндамачы – М. Кутбердиева, укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
6. Ар кандай маселелер
