Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоонун жүрүшүндө аткарган иштердин жыйынтыгы жана келечектеги милдеттер боюнча округдук шайлоо комиссиялары менен иш жыйыны болуп өттү

14 марта 2022

Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоонун жүрүшүндө аткарган иштеринин жыйынтыгы жана шайлоо комиссияларынын тутумунун келечектеги милдеттери боюнча округдук шайлоо комиссиялары менен иш жыйыны болуп өттү.

Иш-чаранын катышуучулары Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыгын жана парламентти шайлоонун жаңы тутумунун кемчиликтерин, аны өркүндөтүү боюнча милдеттерди талкуулашты.

Шайлоону уюштурууну өркүндөтүү, шайлоочулардын жана талапкерлердин укуктарын ишке ашырууга шарт түзүү, жалпысынан шайлоо процессинин айкындуулугун арттыруу үчүн мыйзам чыгаруу, программалык-техникалык, уюштуруучулук, маалыматтык деңгээлде көрүүгө зарыл болгон чаралардын планы дагы талкууланды.

Шайлоолордун ортосундагы мезгилде жарандардын арасында шайлоо укуктары, шайлоого катышуу тартиби, башкаруунун шайланма органдарынын жана кызмат адамдарынын саясий тутумдагы ролу жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү, билим берүү иштерин жүргүзүү, жарандык билим берүүнүн ж.б. өңүттөрү өзгөчө маанилүү милдет катары аныкталды. Бул иштер шайлоолордун ортосундагы мезгилде артыкчылыктуу болуп саналат жана аймактарда мамлекеттик органдар, ЖӨБ органдары менен биргеликте окуу жайларынын, китепканалардын базасында, ЖМК жана социалдык түйүндөр аркылуу ар түрдүү таризде жүргүзүлмөкчү. Ал иштерди БШКга караштуу Жарандык билим берүү борбору координациялайт.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү