БШК КР ЖК депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

14 марта 2022

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 14-мартындагы жыйналышында «Ата-Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Сабиров Равшан Азатовичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 10-мартындагы № 75 ПЖ Жарлыгынын негизинде «Ата-Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Сабиров Равшан Азатович Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Кыргыз Республикасынын Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директору болуп дайындалгандыгына байланыштуу КР БШК Р.А. Сабировдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Сабиров Равшан Азатовичтин ырастамасы анык эмес деп табылды.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү