КР БШК 2022-жылдын 10-апрелине дайындалган Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого шайлоочулардын контролдук тизмесин түздү

10 марта 2022

 

Шайлоочулардын контролдук тизмеси Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин (калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, мындан ары – КР СӨМ) маалыматтарынын негизинде түзүлдү жана КР БШКнын шайлоочулардын "Тизме" мамлекеттик порталына - https://tizme.gov.kg/view/public/tik_list_public_regional.xhtml жайгаштырылды.

Шайлоочулардын контролдук тизмелери 2022-жылдын 11-мартка чейин кагазга басылып чыгарылып, 84 шайлоо участогуна илинет.

Шайлоо мезгилинде шайлоочулардын тизмесин актуалдаштыруу жана тактоо шайлоочулардын кайрылуусу боюнча жана КР СӨМ менен өз ара байланышта күн сайын жүргүзүлөт.

Урматтуу шайлоочулар!

2022-жылдын 19-февралынан тартып 25-мартына чейинки (кошуп алганда) мезгилде шайлоочулардын тизмесинен өзүңүз тууралуу маалыматты тактаңыз:

  • 1255 же 119 номерине телефон чалуу менен;
  • 2022-жылдын 19-февралынан тартып шайлоо участогунда;
  • «tizme.gov.kg.» сайтында;
  • Же өзүңүздүн паспортуңуздагы идентификациялык жеке номерди (ПИН) көрсөтүү менен 119 номерине СМС жөнөтүп, Сиздин шайлоо участогуңуздун номери жана дареги тууралуу жооп аласыз (СМС билдирүү жөнөтүү жана чалуулар акысыз).

Кандайдыр бир каталарды же так эместикти тапкан учурда, ошондой эле шайлоочулардын тизмесинде жок болсоңуз, Сиз 2022-жылдын 25-мартына чейин (кошуп алганда) Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсүн тиркеп, шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо жѳнүндѳ арыз менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуусуз. Мында шайлоочу биометрикалык идентификациядан өтөт.

Арызды электрондук форматта мыйзамдарда белгиленген тартипте авторлоштуруудан өтүп, “tizme.gov.kg.” сайтында «шайлоочунун кабинети» сервиси аркылуу тапшырса дагы болот.

Биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар Калкты тейлөө борборлорунан (КТБ – ЦОН) бул жол-жободон өтүп, паспортундагы дарек маалыматтарын актуалдаштыра алышат.

Маалымат үчүн: КРдин шайлоо мыйзамдарына ылайык, добуш берүү күнү жигердүү шайлоо укугуна ээ, жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрү болуп саналган жарандар жана КР мыйзамдарына ылайык биометрикалык каттоодон өткөн, КРдин бардык жарандары шайлоочулардын тизмесине киргизилет. Шайлоочунун жергиликтүү жамааттагы мүчөлүгү туруктуу жашаган жерин каттоо жөнүндө жарандын паспортундагы белги менен аныкталат (“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 2-беренесинин 41-абзацы, 12-беренесинин 1-бөлүгү).

Таш-Көмүр шаардык кеңеши боюнча контролдук тизмелердеги шайлоочулардын саны 24 857 шайлоочуну, Токтогул шаардык кеңеши 13 091 шайлоочуну, Кара-Балта шаардык кеңеши 30 896 шайлоочуну, Жаңы-Алыш айылдык кеңеши 1 835 шайлоочуну, Кара-Булак айылдык кеңеши 2 174 шайлоочуну, Көк-Ойрок айылдык кеңеши 3 186 шайлоочуну, Александровка айылдык кеңеши 11 366 шайлоочуну, Сокулук айылдык кеңеши 10 929 шайлоочуну, Кара-Жыгач айылдык кеңеши 4 479 шайлоочуну, Көк-Арт айылдык кеңеши 7 280 шайлоочуну, Юсупов айыл кеңеши 16 525 шайлоочуну, Төлөйкөн айылдык кеңеши 16 770 шайлоочуну, Ак-Таш айылдык кеңеши 5 835 шайлоочуну, Тоголок-Молдоко айылдык кеңеши 2 254 шайлоочуну, Казыбек айылдык кеңеши 3 327 шайлоочуну, Кажы-Сай айылдык кеңеши 3 016 шайлоочуну түздү.

2022-жылдын 10-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын акыркы тизмеси 2022-жылдын 31-мартына чейин түзүлүп, 2022-жылдын 7-апрелине чейин "Тизме" мамлекеттик жайгаштырылат жана шайлоо участокторуна илинет.

 

КР БШК 2022-жылдын 10-апрелине дайындалган Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо

2022-жылдын 7-мартына карата шайлоочулардын саны жөнүндө маалымат

№ п/п

АШК, шаардык / айылдык кеңештердин аталышы

УШКнын саны

УШКнын жайгашкан жери

Саны 2018ж.

Алдын ала тизме 10.02.2022ж.

Контролдук тизме

7.03.2022ж.

 

Жалпы Республика боюнча

84

мурунку шайлоонун датасы 28/01/2018

127704

157562

157820

Чүй облусу

33

 

47905

60279

60386

1

Жайыл АШК

16

 

23196

30818

30896

 

Кара-Балта шаардык кеңеши

16

Досрочные 28.01.2018

23196

30818

30896

2

Кемин АШК

6

 28.01.2018

6550

7204

7195

 

Жаңы-Алыш айылдык кеңеши

1

 

1660

1836

1835

Кара-Булак айылдык кеңеши

2

 

2023

2179

2174

Көк-Ойрок айылдык кеңеши

3

 

2867

3189

3186

3

Москва АШК

6

Досрочные 28.01.2018

9736

11357

11366

 

Александровка айылдык кеңеши

6

 

9736

11357

11366

4

Сокулук АШК

5

Досрочные 13.05.2018

8423

10900

10929

 

Сокулук айылдык кеңеши

5

 

8423

10900

10929

Жалал-Абад облусу

24

 

40056

49616

49707

5

Таш-Көмүр АШК

11

28.01.2018 (2439 УИК- жаны ачылган)

19658

24810

24857

 

Таш-Көмүр шаардык кеңеши

11

 

19658

24810

24857

6

Токтогул АШК

5

13.05.2018

10819

13061

13091

 

Токтогул шаардык кеңеши

5

 

10819

13061

13091

7

Аксы АШК

3

Досрочные 13.05.2018(2431 УИК -жаны ачылган)

3735

4475

4479

 

Кара-Жыгач айылдык кеңеши

3

 

3735

4475

4479

8

Сузак АШК

5

13.05.2018

5844

7270

7280

 

Көк-Арт айылдык кеңеши

5

 

5844

7270

7280

Ош облусу

20

 

32058

39066

39130

9

Араван АШК

9

Досрочные 28.01.2018 (5582 УИК- жаны ачылган)

13785

16496

16525

 

С. Юсупов айылдык кеңеши

9

 

13785

16496

16525

10

Кара-Суу АШК

11

13.05.2018

18273

22570

22605

 

Ак-Таш айылдык кеңеши

3

 

4620

5830

5835

 

Төлөйкөн айылдык кеңеши

8

 

13653

16740

16770

Нарын облусу

4

 

5049

5586

5581

11

Ак-Талаа АШК

1

Досрочные 28.01.2018

2076

2260

2254

 

Тоголок-Молдо айылдык кеңеши

1

 

2076

2260

2254

12

Ат-Башы АШК

3

13.05.2018 (4173 УИК- жаны ачылган)

2973

3326

3327

 

Казыбек айылдык кеңеши

3

 

2973

3326

3327

Исык-Көл облусу

3

 

2636

3015

3016

13

Тон АШК

3

28.01.2018

2636

3015

3016

 

Кажы-Сай айылдык кеңеши

3

 

2636

3015

3016