ЫЧКТ шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча маалыматты укту
05 марта 2022
2022-жылы 5-мартта БШКнын ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобунун (ЫЧКТ) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо шайлоо мыйзамдарын бузуу жөнүндө маалыматтарды кароо боюнча жыйналышы болуп өттү.
Жыйналышта Бишкек шаарынын ИИББнин тергөө кызматынын начальниги милициянын полковниги О.Б. Макамбаевдин, Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИББнин тергөө кызматынын начальниги Бекбоо уулу Арлендин шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча териштирүүлөрдүн жүрүшү жөнүндө маалыматтары угулду.
Айрым талапкерлердин арыздарында көрсөтүлгөн шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча териштирүүлөрдүн натыйжалары жөнүндө маалымат БШКнын ЫЧКТнын кийинки жыйналышында угулат.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
