Саат 18.00гө карата шайлоочулардын добуш берүүгө келүүсү
27 февраля 2022
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы саат 18.00гө карата шайлоочулардын добуш берүүгө келүүсү жөнүндө маалымат берет.
№ 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча добуш берүүгө келүүсү төмөнкүдөй: 40 970 шайлоочу же шайлоочулардын жалпы санынын 18,65 %ы.
- № 27 Биринчи май шайлоо округу – 15 529 шайлоочу же 13,73%;
- № 29 Свердлов шайлоо округу – 25 441 шайлоочу же 23,88 %.


БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
