ИИББ: Талапкер Алмаз уулу Аскардын агитаторлорунун кармалгандыгы тууралуу билдирүү чындыкка ылайык келбейт

26 февраля 2022

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобуна (ЫЧКТ) № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер Алмаз уулу Аскардын ыйгарым укуктуу өкүлү А.Сасыбаевадан Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИИБ кызматкерлери тарабынан аталган талапкердин агитаторлорун кармалгандыгы тууралуу билип туруп жалган маалыматтарга негизделген жалган жарыялоону тараткан «Фейсбук» социалдык түйүнүнүн пайдалануучусуна карата чара көрүү жөнүндө арыз түштү.

Ал арыз 2022-жылдын 26-февралында Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышында каралды, анын жүрүшүндө ал талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Сасыбаева видеоматериалдардагы үгүт басылма материалдар чыгарылбагандыгын, видеоматериалда баяндалган аракеттер чындыкка ылайык келбей тургандыгын билдирди.

КР БШК Бишкек шаарынын ИИББнин өкүлү КР ЖК депутаттыгына талапкер Алмаз уулу Аскардын өкүлдөрүн кармоо фактысы болбогондугу жөнүндө маалыматын укту. Ал ошону менен бирге ошол талапкер жөнүндө билип туруп жалган маалыматтарды таратуу фактысы боюнча тиешелүү текшерүү башталгандыгын, анын жыйынтыгы боюнча бул аракеттерге тиешеси бар адамдарга карата процесстик чечим кабыл алынарын билдирди.

Борбордук шайлоо комиссиясы депутаттыкка талапкер Алмаз уулу Аскардын ыйгарым укуктуу өкүлү А.Сасыбаевага ошол пайдалануучуга бөгөт коюу жана жарыялоону өчүрүү жөнүндө «Фейсбук» администрациясына кайрылуу укугу түшүндүрүлдү.

Ошону менен бирге Борбордук шайлоо комиссиясы төмөнкүнү билдирет: «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 5-бөлүгүнүн ченемдерине ылайык, талапкерлер, алардын өкүлдөрү, саясий партиялардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары, башка жактар шайлоо алдындагы өнөктүктөргө катышууда билип туруп жалган маалыматтарга негизделген жана талапкерлердин, саясий партиялардын абийирине, ар-намысына же ишмердик беделине зыян келтирген жарыялоолорго жол берүүгө укуксуз. Мындай жарыялоолорго жол берген жалпыга маалымдоо каражаттары, интернет-басылмалар талапкердин, саясий партиянын талабы боюнча төгүндөөнү акысыз жарыялоо же чындыкка дал келбеген же аны бурмалаган макалага же кабарга түшүндүрмө берүү мүмкүнчүлүгүн түзүүгө милдеттүү.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 10-бөлүгүнүн ченемдерине ылайык, укук коргоо органдары жана башка органдар укукка каршы үгүт иштерине бөгөт коюу, жасалма жана мыйзамсыз даярдалган басылма, көрмө-укма жана башка үгүт материалдарын даярдоону токтотуу жана аларды алып салуу, көрсөтүлгөн материалдарды даярдоочуларды жана аларга акы төлөө булактарын аныктоо боюнча чараларды көрүүгө, ошондой аныкталган фактылар жана көрүлгөн чаралар жөнүндө тиешелүү шайлоо комиссиясына токтоосуз билдирүүгө милдеттүү.

КР БШК ошол аракеттер үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин (КР УжК) 66 жана 67-беренелеринде жоопкерчилик каралгандыгын эске салат.

Маалымат үчүн:

- КР УжК 66-беренеси. Талапкер жөнүндө талапкердин ар-намысын же кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды билип туруп жайылтуу (жеке жактарга 125 эсептик көрсөткүч же 12 500 сом, юридикалык жактарга 350 эсептик көрсөткүч же 35 000 сом өлчөмүндө айып пул салууга алып келет).

- КР УжК 66-беренеси. Талапкердин ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирген маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарынын жайылтуусу (юридикалык жактарга 175 эсептик көрсөткүч же 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салууга алып келет).

Жогоруда мбаяндалганга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо процессинин субъектилерине № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоо мыйзамдарында каралган ченемдерди катуу сактоону сунуш кылат.