2022-жылдын 26-февралы – “жымжырт күн”
26 февраля 2022
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык шайлоо алдында үгүт иштери добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда б.а. 2022-жылдын 26-февралында саат 8:00дөн тартып токтотуларын эске салат.
БШК мурда шайлоо комиссияларынын имараттарынан жана жайларынан тышкары жайгаштырылган басылма үгүт материалдары (баракчалар, плакаттар, билборддор жана башка материалдар) добуш берүү күнү мурдагы орундарында сакталарын маалымдайт.
Шайлоо алдында үгүт жүргүзүүгө катышуу үчүн БШК тарабынан аккредитациядан өткөрүлгөн жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар “жымжырт күнү” үгүт жүргүзүүгө укуктары жок.
Талапкерлер, ошондой эле алардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары, интернет-басылмалар, шайлоо процессинин ар кайсыл катышуучусу мыйзам талаптарын бузууга жол берген учурда бузуучуларга карата тиешелүү чаралар колдонулат.
№ 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоо эртең – 2022-жылдын 27-февралында өтөт.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
