БШКга бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР ЖК депутатын кайра шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө дагы 1 арыз түштү

05 февраля 2022

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 5-февралындагы жыйналышында № 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Абдиев Бактыбек Кемеловичтин шайлоого катышуудан баш тартуу жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алуу жөнүндө арызын карап чыгып, аны эске алуу жөнүндө чечим кабыл алды.

Буга чейин № 27 Биринчи май шайлоо округу КР ЖК депутатын кайра шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө төмөнкү талапкерлер арыз беришкен:

  1. Камбаров Мирлан Адилбекович;

  2. Сопуева Нуржан Джуносовна;

  3. Масалиев Исхак Абсаматович;

  4. Кутбидинов Азизбек Камчыбекович;

  5. Аматов Рысбай Аматович.

№ 29 Свердлов шайлоо округу боюнча:

1. Шакирова Клара Капановна;

2. Рысалиев Бактыбек Коржубаевич;

3. Керимбаев Жусубалы Топчубаевич;

4. Мотуев Нурдин Аманканович;

5. Хасанов Дильшат Ибрагимович;

6. Эргешов Казыбек Кочкорович;

7. Джакыпбеков Шадыкан Мырзаканович;

8. Ибраймакунов Данияр Омурбекович.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү