БШКга бир мандаттуу эки шайлоо округу боюнча КР ЖК депутаттарын кайра шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө дагы 3 арыз түштү
31 января 2022
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 31-январындагы жыйналышында шайлоого катышуудан баш тартуу жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү чакыртып алуу жөнүндө арыздарды карап чыгып, аларды эске алуу жөнүндө чечим кабыл алды.
КР БШКга төмөнкү талапкерлер арыз беришти:
-
Мотуев Нурдин Аманканович, № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
-
Хасанов Дильшат Ибрагимович, № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
-
Кутбидинов Азизбек Камчыбекович, № 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер.
Буга чейин Аматов Рысбай Аматович (№ 27 Биринчи май шайлоо округу), Ибраймакунов Данияр Омурбекович (№ 29 Свердлов шайлоо округу), Эргешов Казыбек Кочкорович (№ 29 Свердлов шайлоо округу) жана Джакыпбеков Шадыкан Мырзаканович (№ 27 Биринчи май шайлоо округу)КР ЖК депутаттарын кайра шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө арыз беришкен.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
