БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
22 декабря 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 22-декабрындагы жыйналышында Ош, Алай, Жалал-Абад, Токтогул, Кара-Көл, Аламүдүн, Ак-Суу, Ат-Башы жана Кочкор аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
“Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынан Ош шаардык кеңешинин депутаты Сулайманов Эльдар Нурлановичтин (№12) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду.
Ош облусунун Алай районунун Кабылан-Көл айылдык кеңешинин депутаты Дуйшобаев Уларбек Убайдиллаевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Сактанов Мукан Сайпидиновичке өткөрүп берилди.
Ош облусунун Алай районунун Кабылан-Көл айылдык кеңешинин депутаты Караев Канатбек Разаковичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Рыскулов Атарбек Капаровичке өткөрүп берилди.
Ош облусунун Алай районунун Жошолу айылдык кеңешинин депутаты Мадраимова Гулбарчындын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Өсүмдүк өстүрүүчүлүк депатаментинин жетектөөчү адиси Боронов Замирбек Айылчиевичке өткөрүп берилди.
Айыл өемөтүнүн башчысы кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Ош облусунун Алай районунун К.Бөлөкбаев айылдык кеңешинин депутаты Жаныбай уулу Жыргалбектин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат Ленин атындагы орто мектептин мугалими Ташполот уулу Төлөгөнгө өткөрүп берилди.
Жүйөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин сессияларына бир жыл ичинде төрт жолудан ашык келбегендигине байланыштуу “Ата-Журт Кыргызстан” депутаттык фракциясынан Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Караев Баястан Ырысалиевичтин (№8) ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат Мейманкулов Искендер Асхатбековичке (№ 25, “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясы) өткөрүп берилди.
“КСДП” депутаттык фракциясынан Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңешинин депутаты Тууганбаев Байызбек Болотбековичтин (№10) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат КАГЭС 2де кампа башчысы Аблесов Мирлан Амантуровичке (№ 11, “КСДП” саясий партиясы) өткөрүп берилди.
“Замандаш” депутаттык фракциясынан Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты Токтоналыев Эрбол Токтоналыевичтин (№10) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Шатманов Замир Аскаралиевичке (№ 26, “Замандаш” саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айылдык кеңешинин депутаты Кожокбеков Иманбек Кадырбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Кошокбеков Анарбек Курманбековичке өткөрүп берилди.
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылдык кеңешинин депутаты Чантуева Гулзана Азаматовнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат фермер Тулкубаев Алтынбек Турганбаевичке өткөрүп берилди.
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кара-Жал айылдык кеңешинин депутаты Курумшуев Тургунбек Кубанычбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат фермер Бекбол уулу Замирбекке өткөрүп берилди.
Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Моюн айылдык кеңешинин депутаты Босумбай уулу Максаттын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Тумонбаев Болот Омуровичке өткөрүп берилди.
Нарын облусунун Кочкор районунун Ак-Кыя айылдык кеңешинин депутаты Мыктыбек уулу Бекболоттун ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат “Бишкек жылуулук тармактары” ААК инженери Майжанов Канат Муратовичке өткөрүп берилди.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
