Бир мандаттуу 5 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары аныкталды
13 декабря 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 13-декабрындагы жыйналышында бир мандаттуу беш шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжаларын аныктады. Бир мандаттуу төрт шайлоо округунда шайлоо болуп өттү деп таанылды.
Тиешелүү округдардын аймактарында добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу округдук шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде төмөнкү талапкерлер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаттары деп таанылды:
- № 13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Икрамов Тазабек Икрамович;
- № 14 Жалал-Абад бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Ташиев Шаирбек Кыдыршаевич;
- № 34 Жети-Өгүз бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Малиев Арсланбек Касымакунович;
- № 36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Сарбагышев Максатбек Канатбекович.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрү “Баарына каршы” позициясы үчүн берилген добуштардын саны кыйла көп добуш алган талапкерге берилген добуштардын санынан көп болуп калгандыктан № 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо болуп өткөн жок деп таанышты.
ОШКларда округдар боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарууда жана БШКда шайлоо натыйжаларын аныктоодо түшкөн арыздарды жана даттанууларды карап чыкты жана алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдерди кабыл алды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
