БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
06 декабря 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 6-декабрындагы жыйналышында Бишкек жана Сокулук аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
«Социал-демократтар» саясий партиясынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Сарылдык уулу Ильгиздин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат «Социал-демократтар» саясий партиясынан талапкер, «Социал-демократтар» саясий партиясынын Бишкек шаардык комитетинин төрагасы Усубалиев Таалайбек Болотбековиче өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Төмөнкү-Чүй айылдык кеңешинин депутаты Абдисалам уулу Жумабайдын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке ишкер Кубедов Расул Магомедовичке өткөрүп берилди.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
