Добуш берүүнүн жүрүшү, БШК сайтында маалыматтарды чагылдырууда 2021-жылдын 28-ноябрында болгон механикалык ката тууралуу маалымат берүү үчүн БШК Жарандык көзөмөл комитети менен биргеликте жолугушуу өткөрөт
30 ноября 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жарандык көзөмөл комитети менен биргеликте 2021-жылдын 1-декабрында, саат 14:00дө шайлоого катышкан саясий партиялардын жана ЖМКнын өкүлдөрү менен добуш берүүнүн жүрүшү, БШК сайтында маалыматтарды чагылдырууда 2021-жылдын 28-ноябрында болгон механикалык ката тууралуу маалымат берүү үчүн жолугушуу өткөрөт.
Учурда АЭУлардан алынган добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгы жарыяланды. Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамына ылайык, бул юридикалык мааниге ээ болбогон, алдын ала маалымат болуп эсептелет, ал эми добуш берүүнүн жыйынтыгы добуштарды кол менен саноонун натыйжасы боюнча аныкталат.
