Бир мандаттуу шайлоо округдар боюнча шайлоого 286 талапкер катышууда

28 ноября 2021

Бүгүн, 2021-жылдын 28-ноябрында өтүп жаткан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча 286 талапкер катышууда.

Каттоонун аяктоо этабында КР БШКга бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү боюнча 381 арыз келип түштү, алардын ичинен:

  • Эркектер – 349 (91,6%);
  • Аялдар – 32 (8,3%);

Өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен документтерин 374 талапкер тапшырды; саясий партиялардан – 7 («Альянс» -1; «Социал-демократтар» - 1; «Бүтүн Кыргызстан» - 1; «Ыйман-Нуру» - 2; «Кыргызстан» -1; «Улутман» - 1 с/п).

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча көрсөтүлгөн 381 талапкердин ичинен 330 талапкер КР БШКнын каттоосунан өттү, 51 көрсөтүлгөн талапкер катоодон төмөнкү себептерден улам өткөн жок:

  • каттоодон өткөнгө чейин шайлоого катышуудан баш тартуу – 17 көрсөтүлгөн талапкер;
  • жогорку кесиптик билиминин бар экендигин тастыктоочу документтердин жоктугуна байланыштуу – 3 көрсөтүлгөн талапкер;
  • шайлоо күрөөсүн төлөбөгөндүктөн четке кагылды – 31 көрсөтүлгөн талапкер.

Бир мандаттуу округдар боюнча катталган 330 талапкердин ичинен 43 талапкер жеке арызынын негизинде шайлоого катышуудан баш тартты. КР БШК 2021-жылдын 18-ноябрындагы № 1228 чечими менен №26 Ленин шайлоо округу боюнча талапкер К.Жолдошбаевди каттоону жокко чыгарды.

2021-жылдын 23-ноябрына карата республиканын бир мандаттуу округдары боюнча шайлоого 286 талапкер катышууда.

 

Облустар боюнча талапкерлердин саны төмөнкүдөй:

  • Баткен облусу – 36 талапкер,
  • Ош облусу – 44 талапкер,
  • Жалал-Абад облусу – 45 талапкер,
  • Талас облусу – 12 талапкер,
  • Чүй облусу – 58 талапкер,
  • Бишкек ш. – 26 талапкер,
  • Нарын облусу – 26 талапкер,
  • Ысык-Көль облусу – 39 талапкер.

Талапкерлердин тизмеси жана алардын программалары жергиликтүү ЖМКларда жарыяланды, ошондой эле КР БШКнын сайтында «Талапкер» порталында https://talapker.shailoo.gov.kg шилтемеси боюнча жайгаштырылган.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү