КР БШК: Шайлоо процессинин катышуучулары үчүн Конституциянын, мыйзамдардын, усулдук жана окутуучу материалдардын миллиондон ашуун нускасы бастырылып чыгарылды

28 ноября 2021

Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъектилерине маалымат берүү жана үгүттөө эрежелери маселеси боюнча КР БШК Жумушчу тобунун жетекчиси Узарбек Жылкыбаев жарандардын эрк-ниетин эркин жана шайлоонун ачык-айкындуулугун ишке ашыруусу үчүн шарттарды түзүү максатында жүргүзүлүүчү иштер тууралуу маалымат берди. 

ЖМКда жана социалдык тармактарда шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнөн жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринен түзүлгөн 36 ыкчам чара көрүүчү координациялык топтун ишмердигин байма-бай жарыкка чыгарып туруу уюштурулган.   Аныкталган мыйзам бузуулар жана аларга чара көрүү боюнча Иликтөө борбору – КР БШК ЫЧКТ иштейт. Бардык кайрылуучулар Электрондук реестрде катталат.   

Бир мандаттуу округдар боюнча саясий партиялардын жана талапкерлердин программалары, ошондой эле алар тууралуу маалыматтар жана алардын шайлоо фонддору тууралуу маалыматтар ММКлардын, байкоочулардын жана кеӊири коомчулуктун таанышуусу үчүн КР БШК сайтында – https://talapker.shailoo.gov.kg/ky/parliamentary жайгаштырылган.

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча 21 саясий партиядан көрсөтүлгөн 1 015 талапкер жана бир мандаттуу округдар боюнча 296 талапкер тууралуу маалымат, ошондой эле жаӊы аралаш шайлоо тутуму, шайлоо участокторундагы добуш берүүнүн жол-жоболору жана шайлоо бюллетендерин толтуруу эрежелери тууралуу маалымат  жалпы тиражы 200 миӊ нускага жеткен 15 гезитте жарыяланган. 

Эл аралык өнөктөштөрдүн, анын ичинде: Шайлоо системасынын Эл аралык фондунун (IFES), ЮСАИД, БУУӨП, ЕККУ ж.б.  колдоосу менен КР ЖК жаӊы түзүлүшү, шайлоо мыйзамдарындагы өзгөрүүлөр, шайлоочулардын тизмесинде өзүн текшерүү, аялдарды жана жаштарды көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү, добуштарды саноонун ишенимдүүлүгү, шайлоо процессинин катышуучуларынын жоопкерчилиги, чет өлкөлөрдө добуш берүү ж.б. тууралуу эки тилде, сурдокотормосу жана субтитрлери менен 56 видеоролик жана  эки тилде 8 аудиоролик даярдалды.  

Роликтердин трансляциясы бардык санариптик эфирдик телеберүүчү жана кабелдик тармактагы мамлекеттик, аймактык, жеке телеканалдарда, мамлекеттик радиостанциялардын эфиринде жүргүзүлдү. Видеороликтер КР Санариптик өнүктүрүү министрлиги, шаарлардын мэриясы жана райондук мамлекеттик администрациялардын өз ара карым-катышуусунда 27 Калкты тейлөө борборлорунун LED экрандарында жана бүткүл өлкө боюнча LED-экрандарда, мекемелердин жана өнөктөш уюмдардын социалдык тармактарынынын баракчаларында көрсөтүлдү. 

Мындан тышкары, шайлоо комиссияларынын өкүлдөрүн окутуу үчүн эки тилде 12 окутуучу видеоролик, 10 видеосабак, анын ичинде бюллетендерди толтуруу боюнча, добуштарды саноо боюнча шайлоо комиссиялары үчүн окутуучу видео, мотивация берүүчү роликтер даярдалды.   

Боршайком шайлоо процессинин ар кыл катышуучуларын маалымдоо жана окутуу үчүн миллиондон ашуун экземпляр басма продукциясын чыгарды, атап айтканда: 

Кыргыз Республикасынын Конституциясы – 6 000 экз.,

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Конституциялык мыйзам - 5 500 экз.,

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» КР конституциялык Мыйзамы, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» КР Мыйзамы - 3000 экз.,

КР ЖК шайлоого катышуучу талапкерлер жана саясий партиялар үчүн методикалык материалдардын жана ЧУА жыйнагы – 1000 нуск., плакаттар, лефлеттер, флаерлер, баннерлер, календарлар, күбөлүктөр ж.б. – жалпы тиражы 757 миӊ нуск. жогору 34 аталыштагы продукция, 21 окуу-методикалык колдонмо – 39730 нуск.

200 миӊ нускадан ашуун аталыштагы ар кыл материалдар бастырылып чыгарылды. 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү