Шайлоо участокторунан тышкары 12 137 шайлоочу добуш берди
28 ноября 2021
Бирдиктүү шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо буга чейин шайлоо участокторунан тышкары добуш берүү үчүн арыз берген 13 481 шайлоочунун 12 137 шайлоочусу добуш берди. Жалпысынан шайлоо участокторунан тышкары добуш берүүгө ниеттенген шайлоочулардын 90%ы добуш берди.
1 344 адам арыз берген, бирок добуш берген эмес, алардын 642си участоктук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү барган учурда үйлөрүндө болгон эмес, калгандары башка себептер менен добуш берген жок.
- Баткен облусу боюнча – 856 шайлоочунун 803ү добуш берди;
- Ош ш. жана Ош облусу боюнча – 4140 шайлоочунун 3 787си добуш берди;
- Жалал-Абад облусу боюнча – 2704 шайлоочунун 2 446сы добуш берди);
- Талас облусу боюнча – 480 шайлоочунун 368и добуш берди;
- Чүй облусу боюнча – 1571 шайлоочунун 1 348и добуш берди;
- Бишкек шаары боюнча – 1987 шайлоочунун 1 760ы добуш берди;
- Нарын облусу боюнча – 1085 шайлоочунун 1 019у добуш берди;
- Ысык-Көл облусу боюнча – 658 шайлоочунун 606сы добуш берди.
Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо буга чейин шайлоо участокторунан тышкары добуш берүү үчүн арыз берген 13 009 шайлоочунун 11 616 шайлоочусу б.а. шайлоочулардын 89,29%ы добуш берди.
1 393 адам арыз берип, бирок добуш берген эмес, алардын 659у участоктук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү барган учурда үйлөрүндө болгон эмес, калгандары башка себептер менен добуш берген жок.
- Баткен облусу боюнча – 843 шайлоочунун 794ү добуш берди;
- Ош ш. жана Ош облусу боюнча – 4 060 шайлоочунун 3 730у добуш берди;
- Жалал-Абад облусу боюнча – 2 579 шайлоочунун 2 343ү добуш берди);
- Талас облусу боюнча – 480 шайлоочунун 291и добуш берди;
- Чүй облусу боюнча – 1571 шайлоочунун 1 310у добуш берди;
- Бишкек шаары боюнча – 1 785 шайлоочунун 1 584ү добуш берди;
- Нарын облусу боюнча – 1 033 шайлоочунун 983ү добуш берди;
- Ысык-Көл облусу боюнча – 658 шайлоочунун 581и добуш берди.
2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо буга чейин шайлоо участокторунан тышкары добуш берүү үчүн арыз берген 196 шайлоочунун 181 шайлоочусу б.а. шайлоочулардын 92,34 %ы добуш берди.
15 адам арыз берип, бирок добуш берген эмес, алардын 8и участоктук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү барган учурда үйлөрүндө болгон эмес, калгандары башка себептер менен добуш берген жок.
Ош облусунун Кара-Суу шаары боюнча – 81 шайлоочунун 76сы добуш берди;
Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаары боюнча – 58 шайлоочунун 52си добуш берди;
Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Токтогул айылдык кеңеши боюнча – 4 шайлоочунун 4өө добуш берди
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык төмөнкү шайлоочулар добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө укуктуу:
- шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок добуш берүү күнү ооруканаларда, шектүүлөрдү жана айыптууларды кайтаруу алдында кармоочу жайларда жүргөн шайлоочулар;
- алыскы жана жетүү кыйын болгон райондордо, алыскы мал жайыт участокторунда убактылуу жашаган шайлоочулар.
Өзгөчө учурларда тиешелүү шайлоо комиссиясынын чечими боюнча –
- добуш берүү күнү калктуу конуштардан алыс жайгашкан жерлердеги аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары,
- добуш берүү күнү кызмат өтөп жаткан ички иштер органдарынын кызматкерлери,
- тизмеси Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген, жумуш цикли үзгүлтүксүз ишканалардагы иштеген шайлоочулар,
- вахталык ыкма менен иштеген шайлоочулар.
Участкалык шайлоо комиссиялары мындай шайлоочуларга добуш берүү күнүнө чейин бир календардык күн калганда добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү.
Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү, добуш берүү күнүнө чейин бир календардык күн калганда саат 8ден 20га чейинки мезгилде жана шайлоочунун ага добуш берүү жайынан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде гана жүргүзүлөт.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
