Эл аралык байкоочуларга шайлоонун өзгөчөлүктөрү жана добуштарды эсептөөнүн тууралыгын камсыздоо жөнүндө маалымдашты

27 ноября 2021

Бүгүн, 2021-жылдын 27-ноябрындагы жыйынында 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоого даярдык көрүүнүн жана өткөрүүнүн алкагында эл аралык байкоочулар үчүн брифинг болуп өттү. 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Нуржан Шайлдабекова 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине депутаттарды шайлоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берди.

Кыргызстанда аралаш шайлоо тутуму киргизилди, мында 36 депутат бир мандаттуу округдардан, ал эми 54 – пропорционалдык тутум боюнча шайланат, ал аймактардын өкүлчүлүгүнүн, саясий жана социалдык топтордун балансын камсыздоого багытталган жана ал өлөкбүздүн өнүгүүсүнүн учурдагы этабында парламенттин ролун күчөтүү, аймактардын, саясий күчтөрдүн, социалдык топтордун өкүлчүлүгүнүн балансын камсыздоо үчүн көптөгөн башка варианттардын ичинен тандалып алынган. 

54 депутат пропорционалдык тутум боюнча шайланат, мында ар бир партия бүткүл өлкө боюнча 5%дан жана ар бир обулста шайлоого катышкандардын жалпы санынан ар бир облуста 0,1%дан кем эмес добуш алышы керек. 54 депутатты көрсөтүүчү субъект болуп партия эсептелет, алар да өкүлчүлүк боюнча бир жыныстагы талапкерлердин саны 70%дан ашпаган бир катар талаптарды аткарууга тийиш. Эркектер менен аялдардын позициясындагы айырма үч позициядан ашпашы керек, тизмеде жок эле дегенде, ар бир 4-позиция аял болушу керек. Ошондой эле тизмеде 15%дан аз эмеси 35 жаштан төмөнкүлөр, башкача айтканда жаштар, 15%ы башка этносторго тиешелүү өкүлдөр жана тизмеде 2 адамдан кем эмеси майыптыгы бар адамдар болушу керек. 

Белгилей кетчү нерсе, 2015-жылдан тартып шайлоочулардын саны табигый өсүшкө жана биометрикалык маалыматтарын тапшырган калктын санынын өсүшүнө байланыштуу 1 миллион адамга жогорулады. Шайлоочулардын тизмесине киргизүүнүн шарты катары 18 жашка чыгуу жана биометрикалык каттоодон өтүү, жарандардын электрондук шайлоо тизмесине кирүүсү эсептелет. Бул учурда шайлоочулардын тизмеси автоматтык режимде түзүлөт.   

Пропорционалдык тутум боюнча саясий партиялар сунуштаган тизме боюнча талапкерлерди Жогорку Кеӊештин депутаттыгына шайлоону өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын бардык аймагы бирдиктүү шайлоо округу болуп эсептелет. Бул учурда Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашап жатышкан шайлоочулар бирдиктүү шайлоо округуна киргизилген болуп эсептелет. 

Шайлоонун мажоритардык тутуму боюнча Жогорку Кеӊешке 36 депутатты шайлоону өткөрүү үчүн бир мандаттуу шайлоо округдары түзүлгөн. Мыйзамга ылайык, шайлоо округдарын түзүүдө төмөнкү талаптар аткарылышы керек: 

  • шайлоо округдарынын шайлоочулардын саны боюнча болжолдуу теңдиги, мында шайлоочулардын өкүлчүлүгүнүн орточо ченеминен 20 пайыздан ашпаган четтөөгө жол берилет;
  • шайлоо округу бирдиктүү аймакты түзөт, шайлоо округун өз ара чектешпеген аймактардан түзүүгө жол берилбейт;
  • талаптарды сактоодо, эреже катары, республиканын административдик-аймактык бөлүнүшү эске алынат.

КР БШК тарабынан 36 шайлоо округу түзүлгөн. Ар бир округ болжолдуу шайлоочулардын 100 476 саны +/- 20% менен түзүлгөн.

Жаӊы шайлоо тутумунда бир мандаттуу округдар боюнча да, пропорционалдык тутум боюнча да ар бир конкреттүү талапкер үчүн добуш берүү мүмкүнчүлүгү эӊ чоӊ артыкчылык болуп эсептелет. 

Кезектеги шайлоодо шайлоочу идентификация тууралуу 2 чек алат, аларды бирдиктүү жана бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча добуш берүү үчүн эки бюллетенге алмаштырат. Шайлоочу идентификация тууралуу чектин ордуна: саясий партияларга жана алардан катталган талапкерлердин тизмеси боюнча добуш берүү үчүн – ак, бир мандаттуу округ боюнча талапкер үчүн – көгүш тилкеси бар ак шайлоо бюллетендерин алат. 

Добуш берүү аяктагандан кийин, добуш берүүнүн жыйынтыгынын алдын ала маалыматтары байланыштын корголгон каналдары боюнча шифрленген түрүндө АЭУдан БШКнын борбордук серверине автоматтык түрдө берилет жана Маалыматтык шайлоо тутумунун сайтында (https://newess.shailoo.gov.kg/) дароо жарыяланат. 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү