КР БШК добуш берүү күнүнө карата 7,1 миӊ идентификациялоочу операторду окутту
23 ноября 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоого техникалык жактан даяр. Бул тууралуу Маалыматтык шайлоо тутумунун (МШТ) жана автоматтык эсептөөчү урналардын (АЭУ) программалык камсыздалышын жакшыртуу боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Марс Наспеков маалымдады.
Бардык шайлоо участкалары шайлоочуларды идентификациялоочу 2 494 комплект менен жабдылган, алар шайлоочулардын тизмесин актуалдаштыруу маалында маалыматтарды тактоо боюнча арыз берүү учурунда колдонулган. Шайлоочулардын тизмесин тактоо мезгили аяктагандан кийин аталган комплекттер добуш берүү үчүн кайрадан даярдалып чыккан.
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте добуш берүү күнүндө шайлоочуларды идентификациялоочу жабдууну даярдоо жана комплектациялоо боюнча иштер жүрүп жатат. Бардыгы болуп резервди эсепке алганда, шайлоочуларды биометрикалык идентификациялоочу 6 700 комлпект бар.
Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн алкагында Борбордук шайлоо комиссиясы ЕККУнун колдоосу менен добуш берүү күнү шайлоочуларды идентификациялоону эксплуатациялоо боюнча 90 тренерди окутту. Экинчи этапта добуш берүү күнүнө карата шайлоочуларды идентификациялоочу 7 160 операторду окутуу ишке ашырылды.
Идентификациялоочу операторлорго шайлоочуну идентификациялоо процессинин жана арыз берүүнүн өзөчөлүктөрүн, ошондой эле кемчиликтерди жоюу усулдарын түшүндүрүп беришти.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
