БШК «Ыйман Нуру» акыйкат жана өнүгүү» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен талапкерди чыгарды
21 ноября 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 21-ноябрында өткөн жыйналышында «Ыйман Нуру» акыйкат жана өнүгүү» саясий партиясы көрсөткөн Мамажакыпова Чынара Жуманазаровнаны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу чечимин кабыл алды.
Чечим «Ыйман Нуру» акыйкат жана өнүгүү» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен чыгаруу жөнүндө Ч.Мамажакыпованын өз арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
