БШК «Мекенчил эл» демократиялык партиясы» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен талапкерди чыгарды
21 ноября 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 21-ноябрында өткөн жыйналышында «Мекенчил эл» демократиялык партиясы» саясий партиясы көрсөткөн Султанбаев Абдыкадыр Дардановичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу чечимин кабыл алды.
Чечим «Мекенчил эл» демократиялык партиясы» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен чыгаруу жөнүндө А.Султанбаевтин өз арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
