КР БШК коомдук байкоочуларды “2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жөнүндө” тренингге чакырат
16 ноября 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 17-ноябрда саат 10.00дө “2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жөнүндө” деген темада коомдук байкоочулар үчүн окутуучу тренинг өткөрөт.
Коомдук байкоочулар төмөнкү маселелер боюнча маалымат алышат:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун өзгөчөлүктөрү;
- Шайлоолордун ишенимдүүлүгүн жана ачыктыгын камсыз кылуунун технологиялары;
- Шайлоо талаштары. Шайлоо мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчилик;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо колдонула турган техникалардын иштөөсүн иш жүзүндө көрсөтүү.
Катышуу үчүн: 0312 62 62 87 номерине кайрылыңыздар
Онлайн туташуу үчүн төмөнкү шилтемеге кириңиз:
Zoom боюнча жыйынга кошулуу
https://us02web.zoom.us/j/8690689629?pwd=aUhiTkhick9rOVlDZUxrdGJobjBkZz09
Конференциянын идентификатору: 869 068 9629
Кирүү коду: 112233
