БШК Ленин, Биринчи май, Октябрь жана Свердлов округдук шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизди
13 ноября 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 13-ноябрда Ленин, Биринчи май, Октябрь жана Свердлов округдук шайлоо комиссияларынын курамдарына төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизди:
Ленин округдук шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:
- Малтаева Кундус Бейшеновна, Сатанова Марина Владимировна, Атантаева Атыркуль Садыковна, Ташиев Бакай Анарбекович жана Турсуналиев Руслан Мухамедович комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- Джамангулов Эрик Эсенгулович, Сельпиев Чынгыз Тойчубекович, Джомартова Назгуль Касымбаевна, Чалов Азамат Омурбекович жана Табалдиев Нурлан Эркинбекович Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен комиссиянын курамына киргизилсин.
Биринчи май округдук шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:
- Сыдыкова Алтынай Бактыбековна, Анзор Алмаз жана Маматкулова Рима Калысбаевна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- Кенжешова Гулира Медетбековна, Чалмашбеков Урмат Чалмашбекович жана Умоткулова Нуржамал Умоткуловна Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын комиссиянын резервинен киргизилсин.
Октябрь округдук шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:
- Дербишов Болот Абдиевич, Керимбеков Кубанычбек Мойнокович жана Султанова Айгерим Бактыбековна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- Качкынбай уулу Жаныбек, Байсеркеев Руслан Тургенбекович жана Асанбекова Эльнура Калыбековна – Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен комиссиянын курамына киргизилсин.
Свердлов округдук шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:
- Тарареева Лидия Ивановна, Мамбеткеримова Миргүл Шайлообаевна жана Альменбаев Алмаз Болотбекович комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- Турганбаева Бадам Азаматовна, Бодошев Талантбек Темирханович жана Болот уулу Өмүрбек – Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен комиссиянын курамына киргизилсин.
Токтом Ленин, Биринчи май, Октябрь жана Свердлов округдук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн шайлоо комиссиясынын курамдарынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесине ылайык кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
