БШК «Аруузат» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен 4 талапкерди чыгарды
06 ноября 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 6-ноябрында өткөн жыйналышында «Ынтымак» саясий партиясы көрсөткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен кийинкилерди чыгаруу чечимин кабыл алды:
- Уркунбаев Нургазы Эркинбековичти;
- Жумае Эсена Ариповичти;
- Мураталиев Акылбек Кыдыровичти;
- Молдосанова Алымжан Сулаймановнаны.
Чечим Н. Уркунбаевдин, Э. Жумаевдин, А.Мураталиевдин, А.Молдосанованын «Аруузат» саясий партиясынын талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө 2021-жылдын 5-ноябрындагы өз арыздарынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
