БШКга бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө 6 арыз түштү

02 ноября 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 2-ноябрында өткөн жыйналышында бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө 6 арызды карап чыкты. 

Алсак, КР БШКга төмөнкүлөр арыз беришти:

1.Чодуев Эркинбек Урайымович, №10 Куршаб шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;

2. Нусубалиев Токтоналы Сатарович, №21 Талас шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;

3. Малдыбаева Салиман Жанузаковна, №36 Ысык-Көл шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;

4. Джумабекова Акылсайры Кадыралиевна, №35 Ак-Суу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;

5. Карагулов Улан Айтбекович, №31 Чүй-Кемин шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;

6. Шакиров Асан Шакирович, №13 Сузак шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү