БШК Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун №3194 жана №3195, Бишкек шаарынын Свердлов районунун №1318 шайлоо участокторунун даректерин өзгөрттү
01 ноября 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 1-ноябрындагы жыйналышында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун №3194 жана №3195, Бишкек шаарынын Свердлов районунун №1318 шайлоо участокторунун даректерин төмөнкүдөй өзгөрттү:
- №3194 шайлоо участогунун дареги Жеңиш айылынын Маданият үйүнүн эски имаратынан Жеңиш айылы, Байгазы 15 көчөсү дареги боюнча Б. Үкүев атындагы орто мектептин имаратына;
- №3195 шайлоо участогунун дареги Ак-Терек айылынын Маданият үйүнүн эски имаратынан Ак-Терек айылы, Сатыке 11 көчөсү дареги боюнча Жунуш уулу Жапар атындагы орто мектептин имаратына;
- Бишкек шаарынын Свердлов районунун №1318 шайлоо участогунун дареги Бишкек шаарынын Буденный №247 көчөсүндөгү эски имараттан Бишкек шаары, Курманжан Датка, №207/1 көчөсү дареги боюнча «Баракат» ЖЧКнын жаңы жаңы имаратына.
Жети-Өгүз жана Свердлов округдук шайлоо комиссияларына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участокторунун даректери өзгөртүлгөндүгү жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
