БШК “Ата-Мекен” саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен талапкерди чыгарды
27 октября 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 27-октябрда өткөн жыйналышында “Ата-Мекен” саясий партиясы көрсөткөн Турдалиева Чынара Алымкуловнаны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу чечимин кабыл алды.
Чечим Турдалиева Чынара Алымкуловнанын талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө 2021-жылдын 25-октябрындагы өз арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
