Шайлоо күрөөсү төгүлбөгөндүгүнө байланыштуу КР ЖК депутаттыгына 29 талапкерди каттоодон баш тартылды
27 октября 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо баардыгы 327 талапкерди каттады.
Мында БШК конституциялык Мыйзамга ылайык талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн керектүү документтерди бербегендигине (шайлоо күрөөсү төгүлгөн эмес) байланыштуу бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына төмөнкү 29 талапкерди каттоодон баш тартты: А.Исиралиева, Ш. Касенов, А. Койчубаев, Р. Юсупов, И. Якубов, У. Камбарбек уулу, Т. Калбаев, М. Жорокулов, М. Козубаев, М. Кадырбердиев, У. Конурбаев, Г. Камиль кызы, С. Турдумалиев, Б. Алымбеков, Т. Чынтемиров, А. Токторов, Ж. Искендеров, О. Жээнбаев, Б. Мурзакматов, А. Тайлаков, Е. Токтогулов, Б. Чокморов, М. Турков, Б. Олжобаев, К. Самидинов, Б. Ажыбеков, Б. Жолдошов, Е. Клипачева, У. Тургунбаев.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
