КР БШК мүчөлөрү ШКУ байкоочулар миссиясынын курамында Өзбекстандын президентин шайлоого байкоо жүргүзүүдө

23 октября 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрү Кайрат Маматов менен Узарбек Жылкыбаев Шанхай кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясынын курамында Өзбекстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы менен жолугушууга катышты.

Бул өлкөнүн БШКсынын чакыруусу боюнча барган ШКУ миссиясы Өзбекстан Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү процессине байкоо жүргүзөт, шайлоо процесси боюнча материалдарды чогултат жана талдайт, шайлоо мыйзамдарын укуктук экспертизадан өткөрөт, шайлоо процессинин маалыматтык жактан коштолуусуна байкоо жүргүзөт.

Миссияын курамына Казакстан, Кыргызстан, Россиядан жана Тажикстандан 26 байкоочу кирет.

Жолугушууда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы З.Низамходжаев төмөнкүлөрдү белгиледи: бул жылы президентти шайлоо жогорку уюшкан деңгээлде өтүүдө, атап айтканда, шайлоо мыйзамдары боюнча шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн квалификациясын арттыруу уюштурулду, шайлоо процессине заманбап МКТ киргизилди, шайлоо мыйзамдары калк арасында жайылтылууда, жаштардын саясий иш-чараларга катышуу жигердүүлүгү артууда, аялдардын шайлоодогу ролун күчөтүү, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандардын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү