БШК Ноокен округдук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизди
17 октября 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 17-октябрда өткөн жыйналышында Ноокен округдук шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизди:
Ноокен округдук шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан киргизилген Курманкулов Акылбек Бегматович комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан Раимбеков Турдали комиссиянын курамына киргизилсин.
Токтом Ноокен округдук шайлоо комиссияларынын мүчөсүнүн шайлоо комиссиясынын курамдарынан чыгаруу жөнүндө арызынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине ылайык кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
