Чүй облусунун Сокулук районунун Кызыл-Туу айыл өкмөт башчысын кайталап шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилди

17 октября 2021

 

2021-жылдын 17-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 12-октябрда өткөн Чүй облусунун Сокулук районунун Кызыл-Туу айыл өкмөт башчысын кайталап шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду карап, бекитти.

Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна Кызыл-Туу айылдык кеңешинин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Джылжымышов Акылбек Болотбекович катталган.

Добуш берүүгө Ананьев айылдык кеңешинин 21 депутатынын 19 депутаты катышты, А. Б. Джылжымышов 19 добуш алды. “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Джылжымышов Акылбек Болотбекович Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү