КР БШК Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Достук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады

17 октября 2021

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 17-октябрында Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Достук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады.

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Достук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2021-жылдын 5-ноябрында саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.

Буга чейин Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Достук айыл өкмөтүнүн башчысы Мамасадыков Замирбек Дүйшалиевич өз арызына ылайык ээлеген кызмат ордунан бошотулган.

Ноокен аймактык шайлоо комиссиясына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын кайталап шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.

КР БШКнын маалыматтык бөлүмү