БШК шайлоо участогунун дарегин өзгөрттү
03 октября 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 3-октябрындагы жыйынында Чүй облусунун Аламүдүн районундагы № 7176 шайлоо участкасынын дарегин Нижняя-Аларча айылы, Кыргызская көчөсү – 190/б дареги боюнча жайгашкан “Интел” дүкөнүнүн имаратынан Нижняя-Аларча айылы, Кыргызская көчөсү – 196 дарегинде жайгашкан “Таймаш” компьютердик клубунун имаратына өзгөртүү чечимин кабыл алды.
Токтом Аламүдүн округдук шайлоо комиссиясынын шайлоо участкасынын имаратынын канааттандырарлык эмес абалына байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-, 4-пункттарына ылайык, № 7176 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү тууралуу сунушунун негизинде кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
