КР БШК КР Жогорку Кеӊешине депутаттыкка көрсөтүлгөн А.Т. Сейтказиевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

16 сентября 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 16-сентябрында №31 Чүй-Кемин шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде КР Жогорку Кеӊешке депутаттыкка көрсөтүлгөн Сейтказиев Анаш Токтосуновичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоого алды. 

 

А.Т. Сейтказиев шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Т.А. Кыдырназаровду, ал эми каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Ж.Д. Сулайманованы дайындады. 

 

Конституциялык мыйзамдын 60-беренесинин 1-, 2-бөлүмдөрүнө ылайык, бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеӊешке депутаттыкка талапкерлердин катышуусу тууралуу билдирүү  шайлоо округдарынын схемасы жана чекараларын бекитилген күндөн башталып, добуш берүү күнүнө чейин 45 календардык күн калганда, б.а. 2021-жылдын 13-октябрында (кошуп алганда) саат 18:00дө аяктайт.  

 КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү