Ош шаарынын мэрине ырастама тапшырылды

02 сентября 2021

2021-жылы 1-сентябрда Ош АШК төрагасы У. Аттокуров Ош шаарынын мэри Мамбетов Алмаз Ишенбековичке ырастама тапшырды.

2021-жылы 26-августта Ош шаарынын мэрин шайлоо болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы жана «Аманат» көпчүлүк коалициясы көрсөткөн Мамбетов Алмаз Ишенбекович Ош шаарынын мэри болуп шайланды.

Ош шаардык кеңешинде баардыгы 45 депутат бар. А.И. Мамбетовду катышкан 45 депутаттын 43ү колдоду. Ош шаарынын мэринин кызмат ордуна 1 талапкер талаптанган.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү