КР БШК Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ак-Чий айыл өкмөт башчысын шайлоону дайындады

30 августа 2021

КР БШК 2021-жылдын 30-августунда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ак-Чий айыл өкмөт башчысын шайлоону дайындады.

Ак-Суу районунун Ак-Чий айыл өкмөт башчысын шайлоо 2021-жылдын 17-сентябрына дайындалды. Шайлоо саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.

Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү