Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында добуш берүүчү жайдан тышкары жерлерде добуш берүү аяктады

10 июля 2021

2021-жылы 10-июлда саат 20.00дө Бишкек шаары боюнча добуш берүүчү жайдан тышкары жерлерде добуш берүү аяктады. Бишкек шаарынын 180 шайлоо участогунда жайдан тышкары жерлерде 2 277  шайлоочу добуш берди.

Ош шаары боюнча 78 шайлоо участогунун 65инде шайлоо участокторунан тышкары жерде добуш берүү жөнүндө арыздар берилген. 2021-жылы 10-июлда саат 20.00дө 65 УШК боюнча добуш берүү аяктады. Жайдан тышкары жерде 1 168 шайлоочунун 1 031и добуш берди.

Токмокто шайлоо участокторунан тышкары жерде добуш берүү мурда аяктады. Бардыгы 20 УШКда добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү жөнүндө арыздар берилген. Жайдан тышкары жерде 222 шайлоочунун 203ү добуш берди. Баардык 20 шайлоо участогунда жайдан  тышкары жерде добуш берүү аяктады.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү