БШК Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаардык кеңешин таркатуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине сунуш жөнөтүү чечимин кабыл алды

08 июля 2021

2021-жылы 8-июлда КР БШК жыйналышында Кербен шаардык кеңешинин депутаттары Кербен шаар мэрин белгиленген мөөнөттөрдө шайлабагандыгына байланыштуу Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаардык кеңешин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине сунуш жөнөтүү чечимин кабыл алды.

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаар мэрин шайлоо 3 жолу дайындалды.

- 2021-жылдын 7-июнунда депутаттардын кворуму болбогондугуна байланыштуу мэрди шайлоо өтпөй калды. Кербен шаар мэринин кызмат ордуна бир талапкер катталган.

- 2021-жылдын 21-июнунда катталган талапкер шайлоого катышуудан баш тарткандыгына байланыштуу мэрди шайлоо өтпөй калды.

- 2021-жылдын 5-июлунда депутаттардын кворуму болбогондугуна байланыштуу мэрди шайлоо өтпөй калды. Кербен шаар мэринин кызмат ордуна бир талапкер катталган.

Ошондой эле Кербен шаардык кеңешинин 16 депутатынын Кербен шаардык кеңешин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындоо жөнүндө” каты түштү.

Чечим эгерде тиешелүү кеңештин депутаттары белгиленген мөөнөттөрдө шаар мэрин шайлай албаган учурда, Кыргыз Республикасынын Президенти Борбордук шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча жергиликтүү кеңешти таркатаары жана тиешелүү жергиликтүү кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындаары каралган “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 5-бөлүгүнүн 5-абзацына ылайык кабыл алынды.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү