БШК кээ бир аймактык шайлоо комиссияларынын төрагаларынын жоопкерчилигин карады
01 июля 2021
Борбордук шайлоо комиссиясында Аймактык шайлоо комиссияларынын ишин кароо боюнча комиссия түзүлүп, Ысык-Ата, Сузак, Аламүдүн, Жети-Өгүз, Кадамжай аймактык шайлоо комиссияларынын (АШК) төрагаларынын жоопкерчилигин карады.
2021-жылдын 1-июлундагы жыйналышында Комиссия төмөнкү төрагалардын жоопкерчилиги тууралуу маселелерди карады:
- Ысык-Ата АШК – Жаманкулова Мира Көкүловнанын, даттанууларды өз убагында карабай, аракетсиздик кылганы үчүн;
- Сузак АШК – Кыргызбаев Мухтар Осмоновичтин, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Туу жана Таш-Булак айыл өкмөт башчыларын шайлоо жол-жоболорун бузгандыгы, ошондой эле шайлоо комиссияларынын иш принциптерин бузгандыгы үчүн;
- Аламүдүн АШК – Мамасадыкова Гульмира Абдыкапаровнанын, даттанууларды өз убагында карабай, аракетсиздик кылганы үчүн;
- Жети-Өгүз АШК – Алымбаев Нурбек Толомушовичтин, чечим кабыл алууда тариздөө жол-жоболорун бузгандыгы үчүн;
- Кадамжай АШК – Өмүрзаков Тилек Рахмановичтин, мыйзам талаптарын сактоо боюнча талаптагыдай иш жүргүзбөгөндүгү үчүн, бул Баткен облусунун Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл өкмөт башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасын жараксыз деп таануу үчүн негиз болду.
Берилген материалдарды изилдеп, КР БШК төмөнкүдөй чечти:
1. Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын курамына Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасын кайра шайлоо жөнүндө маселени кароо сунушталсын.
2. Төрага М.О. Кыргызбаев Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан чыгарылсын.
3. Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Г.А. Мамасадыковага эскертүү берилсин.
4. Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Н.Т. Алымбаевге эскертүү берилсин.
5. Төрага Т.Р. Өмүрзаков Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан чыгарылсын.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
