КР БШК кээ бир айыл өкмөт башчыларын жана Кара-Көл шаар мэрин кайталап шайлоону дайындады

19 июня 2021

КР БШК кээ бир айыл өкмөт башчыларын жана Кара-Көл шаар
мэрин кайталап шайлоону дайындады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясы 2021-жылдын 19-июнунда Жалал-Абад облусунун
Базар-Коргон районунун Талдуу-Булак, Ош облусунун Кара-Суу районунун
Кызыл-Кыштак, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ивановка, Москва
районунун Петровка, Беловодский айыл өкмөт башчыларын жана Жалал-
Абад облусунун Кара-Көл шаар мэрин кайталап шайлоону дайындоо
жөнүндө токтом кылды.
2021-жылдын 18-июнуна дайындалган Жалал-Абад облусунун Базар-
Коргон районунун Талдуу-Булак айыл өкмөт башчысын кайталап шайлоодо
депутаттардын көпчүлүгү талапкерлерге караганда «баардык талапкерлерге
каршы» позициясына добуштарын бергендигине байланыштуу айыл өкмөт
башчысы шайланбай калган. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон
районунун Талдуу-Булак айыл өкмөт башчысын кайталап шайлоону 2021-
жылдын 2-июлунда өткөрүү дайындалды. Шайлоо саат 9-00дөн 12-00гө
чейин өткөрүлөт.
2021-жылдын 18-июнуна дайындалган Ош облусунун Кара-Суу
районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөт башчысын кайталап шайлоодо
депутаттардын көпчүлүгү талапкерлерге караганда «баардык талапкерлерге
каршы» позициясына добуштарын бергендигине байланыштуу айыл өкмөт
башчысы шайланбай калган. Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-
Кыштак айыл өкмөт башчысын кайталап шайлоону 2021-жылдын 3-июлунда
өткөрүү дайындалды. Шайлоо саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.
2021-жылдын 18-июнуна дайындалган Чүй облусунун Ысык-Ата
районунун Ивановка айыл өкмөт башчысын шайлоодо депутаттардын
көпчүлүгү талапкерлерге караганда «баардык талапкерлерге каршы»
позициясына добуштарын бергендигине байланыштуу айыл өкмөт башчысы
шайланбай калган. 2021-жылдын 18-июнуна дайындалган Чүй облусунун
Москва районунун Петровка айыл өкмөт башчысын шайлоодо талапкерлер
айылдык кеңештин депутаттарынын керектүү сандагы добуштарын
албагандыгына байланыштуу айыл өкмөт башчысы шайланбай калды.
Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ивановка, Москва районунун
Петровка айыл өкмөт башчыларын кайталап шайлоону жаңы талапкерлерди

көрсөтүү менен 2021-жылдын 2-июлунда өткөрүү дайындалды. Шайлоо саат
9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.
2021-жылдын 18-июнуна дайындалган Чүй облусунун Москва
районунун Беловодский айыл өкмөт башчысын шайлоодо талапкерлер
айылдык кеңештин депутаттарынын керектүү сандагы добуштарын
албагандыгына байланыштуу айыл өкмөт башчысы шайланбай калды.
Чүй облусунун Москва районунун Беловодский айыл өкмөт башчысын
кайталап шайлоону жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен 2021-жылдын 2-
июлунда өткөрүү дайындалды. Шайлоо саат 15-00дөн 18-00гө чейин
өткөрүлөт.
2021-жылдын 18-июнуна дайындалган Жалал-Абад облусунун Кара-
Көл шаар мэрин шайлоодо катталган талапкерлер депутаттардын керектүү
сандагы добуштарын албагандыгына байланыштуу шаар мэри шайланбай
калды. Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаар мэрин жаңы талапкерлерди
көрсөтүү менен кайталап шайлоону 2021-жылдын 2-июлунда өткөрүү
дайындалды. Шайлоо саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.
 
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү