БШК Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди

18 июня 2021

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 18-июнундагы жыйналышында Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизилди:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Шейшеналиев Кутман Суйунбекович, Атыканова Чынара Кадыкеевна, Зарылбеков Улукбек Зарылбекович, Умотбекова Алина Умотбековна, Асылбекова Рано Асылбековна комиссиянын резервине киргизилсин;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Калманбетова Миргүл Бекболотовна резервден комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Атыканова Чынара Кадыкеевна комиссиянын курамына киргизилсин.

Чечим Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Г.Ж. Сариеванын Ош аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан чыгаруу жөнүндө арызынын, Тогуз-Торо районунун Каргалык айылдык кеңешинин 2021-жылдын 9-апрелиндеги № 11 токтомунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18, 19, 22-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык кабыл алынды.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү