Үч айыл өкмөт башчысы шайланбай калды

12 июня 2021

Катталган талапкерлер депутаттардын керектүү сандагы добушун албагандыгына байланыштуу 2021-жылдын 12-июнуна дайындалган Кочкор районунун Чолпон айыл өкмөт башчысы шайланбай калды. Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттары көрсөткөн 3 талапкер – Карбозов Алайбек Качкынбекович, Сатыбалдиева Асель Качкынбековна, Жеңишбеков Чолпонбек Абдракманович катталган.

Депутаттардын көпчүлүгү “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн добуш бергендигине байланыштуу 2021-жылдын 12-июнуна дайындалган Түп районунун Тогуз-Булак айыл өкмөт башчысы шайланбай калды. Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттары көрсөткөн 1 талапкер – Кадыров Асылбек Бердибекович катталган.

Депутаттардын көпчүлүгү “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн добуш бергендигине байланыштуу 2021-жылдын 12-июнуна дайындалган Ысык-Көл районунун Өрүктү айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калган.

 

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү