Ысык-Көл облусунун кээ бир айыл өкмөт башчыларын шайлоо болуп өттү
09 июня 2021
2021-жылы 9-июнда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кереге-Таш, Түп районунун Сары-Булак, Ысык-Көл районунун Бостери, Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз, Ак-Дөбө, Тоң районунун Улахол, Көк-Мойнок айыл өкмөт башчыларын шайлоо болуп өттү.
Кереге-Таш айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Рыскелдиев Бакыт Шаршеевич, Эмил уулу Арстанбек катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Эмил уулу Арстанбек Кереге-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Кереге-Таш айылдык кеңешинин 21 депутатынын 15и добуш беришти.
Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Эркимбаев Данияр Жантаевич, Бакасов Максат Бекбосунович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Эркимбаев Данияр Жантаевич Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Сары-Булак айылдык кеңешинин баардык 21 депутатынын 11и добуш беришти.
Бостери айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Сопуев Курманбек Момунбаевич катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Сопуев Курманбек Момунбаевич Бостери айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Бостери айылдык кеңешинин 21 депутатынын 20сы добуш беришти.
Жети-Өгүз айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Иманбаев Турсунбек Нуркамилович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Иманбаев Турсунбек Нуркамилович Жети-Өгүз айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Жети-Өгүз айылдык кеңешинин 21 депутатынын 20сы добуш беришти.
Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Алиев Майрамбек Беккожоевич, Тыналиев Адылбек Нурлайманович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Алиев Майрамбек Беккожоевич Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Ак-Дөбө айылдык кеңешинин 21 депутатынын 12си добуш беришти.
Улахол айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Бейшеев Медербек Рыскелдиевич катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Бейшеев Медербек Рыскелдиевич Улахол айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Улахол айылдык кеңешинин баардык 21 депутаты добуш беришти.
Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Куланбаев Таалайбек Асангариевич, Кыдыралиева Майракүл Асыпбековна, Абдылдаева Нуркүмүш Султанказиевна катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Куланбаев Таалайбек Асангариевич Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Көк-Мойнок айылдык кеңешинин 11 депутатынын 7өө добуш беришти.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
