Чүй облусунун кээ бир айыл өкмөт башчыларын шайлоо болуп өттү
09 июня 2021
2021-жылдын 9-июнунда Чүй облусунун Жайыл районунун Красновосток, Кара-Суу, Чүй районунун Ак-Бешим, Ибраимов, Панфилов районунун Вознесеновка, Орто, Аламүдүн районунун Көк-Жар, Октябрь, Сокулук районунун Асылбаш, Төш-Булак, Москва районунун Төлөк айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.
Красновосток айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Рыскулбек уулу Нурмат катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Рыскулбек уулу Нурмат Красновосток айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Красновосток айылдык кеңешинин баардык 11 депутаты добуш беришти.
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Женбаева Несип Элибаевна катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Женбаева Несип Элибаевна Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Кара-Суу айылдык кеңешинин баардык 11 депутатынын 8и добуш беришти.
Ак-Бешим айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Аширов Марс Мидинович, Жоомартбекова Нуржан Жоомартбековна катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Жоомартбекова Нуржан Жоомартбековна Ак-Бешим айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Ак-Бешим айылдык кеңешинин баардык 11 депутатынын алтоо добуш беришти.
Ибраимов айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 4 талапкер – Алиев Бакыт Нажимидинович, Курманкул уулу Алмаз, Токобаева Салтанат Мырзабековна, Саскараев Орозобек Карымшакович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Курманкул уулу Алмаз Ибраимов айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Ибраимов айылдык кеңешинин 11 депутатынын алтоо добуш беришти. Добуш берүү 2 турда өттү.
Вознесеновка айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Казымкулов Адилет Бактыбекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Казымкулов Адилет Бактыбекович Вознесеновка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Вознесеновка айылдык кеңешинин баардык 21 депутаты добуш беришти.
Орто айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Акыбаев Арсен Кенешбекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Акыбаев Арсен Кенешбекович Орто айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Орто айылдык кеңешинин 11 депутатынын 8 депутаты добуш беришти.
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Джумалиев Эдиль Асыкбекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Джумалиев Эдиль Асыкбекович Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Көк-Жар айылдык кеңешинин 21 депутатынын 19у добуш беришти.
Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 7 талапкер – Кудайбердиев Нургазы Абдигапарович, Алимкулов Топчубай Шералиевич, Бокобаев Кубатбек Кубанычович, Гапаров Акылбек Икрамович, Момбекова Наргиза Кулжабаевна, Асакеев Мидин Бадырович, Кабиров Саймудин Одинаевич катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Кабиров Саймудин Одинаевич Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Октябрь айылдык кеңешинин 21 депутатынын 11 депутаты добуш беришти. Добуш берүү 2 турда өттү.
Асылбаш айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Жумабеков Жалын Самудинович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Жумабеков Жалын Самудинович Асылбаш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Асылбаш айылдык кеңешинин 11 депутатынын 8и добуш беришти.
Төш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Жолдошев Марс Олжобаевич катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Жолдошев Марс Олжобаевич Төш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Төш-Булак айылдык кеңешинин 11 депутатынын 10у добуш беришти.
Төлөк айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Маматов Эвертбек Эмильбекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Маматов Эвертбек Эмильбекович Төлөк айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Төлөк айылдык кеңешинин баардык 11 депутаты добуш беришти.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
