КР БШК 2021-жылдын 11-июлуна дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кайталап шайлоону даярдоо жана өткөрүү алкагында саясий партияларды окутууда

09 июня 2021

2021-жылдын 11-июлуна дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кайталап шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоонун аныктыгын жана айкындуулугун камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары – КР БШК) шайлоого катышууга ниеттенген саясий партиялар үчүн окутуу иш-чараларын өткөрүүдө.

Атап айтканда, КР БШК 9-июнда саат 14:00дө Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеӊештеринин депутаттарынын кайталап шайлоого катышуу жөнүндө билдирген саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү үчүн каттоого документтерди берүү маселелери боюнча окутуу онлайн-семинарын өткөрдү.

Саясий партиялардын өкүлдөрүнө каттоого документтерди берүү эрежелери, анын ичинде «Электрондук талапкер» тутумуна партиядан талапкерлердин тизмеси тууралуу маалыматтарды киргизүү эрежелери түшүндүрүлдү.

«Электрондук талапкер» тутуму талапкерлер тууралуу маалыматтардын – паспорттук маалыматтарынын, жергиликтүү жамаатка мүчөлүгүнүн, соттолгондугу тууралуу ж.б. маалыматтарынын аныктыгын текшерүүнү камсыздайт.

Маалыматтарды текшерүү мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдардын ведомстволор аралык «Түндүк» маалымат алмашуу тутуму аркылуу маалымат алмашуу жолу менен талапкердин макулдугунун негизинде жүргүзүлөт.

Онлайн окутууга төмөнкүлөр катышты:

Бишкек шаарынан төмөнкү 15 партиянын өкүлдөрү:

  • "Өнүгүү-Прогресс"
  • "Социал-демократтар"
  • "Замандаш"
  • "Келечек - Будущее"
  • "Ата-Журт Кыргызстан"
  • "Биздин Кыргызстан"
  • "Ынтымак"
  • "Жаңы мезгил" мигранттардын, үй куруучулардын жана агрардык реформа борборунун партиясы
  • "Биздин Эл"
  • "Туран" демократиялык партиясы
  • "Эмгек партиясы "
  • Кыргызстандын жашылдар партиясы
  • "Күч биримдикте" социалдык-саясий партиясы
  • "Уулу-Журт"
  • "Реформа".

Токмок шаарынан төмөнкү партиялардын өкүлдөрү:

  • “Асыл-Мурас Жаштар”
  • “Бирге-Вместе”
  • "Өнүгүү-Прогресс".

Ош шаарынан төмөнкү партиялардын өкүлдөрү:

  • “Бир Бол”
  • “Бүтүн Кыргызстан”.

Окутуунун соңунда саясий партиялардын өкүлдөрү КР БШКга өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, аларга кеңири жоопторду алышты.