БШК Жалал-Абад облусунун Кербен шаар мэрин кайталап шайлоону дайындады

07 июня 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн – 2021-жылдын 7-июнундагы жыйналышында 2021-жылдын 7-июнуна дайындалган депутаттардын кворуму болбогондугуна байланыштуу өтпөй калган Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаар мэрин кайталап шайлоону дайындоо жөнүндө токтом кылды.

Жалал-Абад облусунун Алай районунун Кербен шаар мэрин кайталап шайлоо жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен 2021-жылдын 21-июнуна дайындалды.

Шайлоо саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.

Чечим “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Шаар мэрин шайлоо тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык кабыл алынды.

Аксы аймактык шайлоо комиссиясына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын кайталап шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү