Ош облусунун кээ бир айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү

06 июня 2021

2021-жылдын 6-июнунда Ош облусунун Кара-Суу районунун Сары-Колот, Савайайыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.

Сары-Колот айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Абжапаров Алишер Сабырбекович, Макеев Кыялбек Абдиллаевич катталган.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Макеев Кыялбек Абдиллаевич Сары-Колот айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Сары-Колот айылдык кеңешинин 21 депутатынын 14ү добуш беришти.

Савайайыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Абдуллаев Абдусамат, Кенжебай уулу Темирхан, Бурканов Уран Искендерович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Абдуллаев Абдусамат Савайайыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Савайайылдык кеңешинин баардык 31 депутатынын 18и добуш беришти.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү