КР БШК Жалал-Абад облусунун Бүргөндү айыл өкмөт башчысын шайлоону дайындады

01 июня 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн – 2021-жылдын 1-июнундагы жыйналышында Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Бүргөндү айыл өкмөт башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө токтом кылды.

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун жаңы шайланган Бүргөндү айылдык кеңешинин биринчи сессиясы 2021-жылдын 31-майында болуп өттү.

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Бүргөндү айыл өкмөт башчысын шайлоо 2021-жылдын 19-июнуна дайындалды.

Шайлоо саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.

Чечим “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча  шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7,14,18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине,  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча  борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөт башчысын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык кабыл алынды.

Ноокен аймактык шайлоо комиссиясына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү