КР БШК Жалал-Абад облусунун Аксы районунун 2 айыл өкмөт башчысын шайлоону дайындады
20 мая 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 20-майындагы жыйналышында Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Жол жана Жаны-Жол айыл өкмөт башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө токтом кылды.
|
№ |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын аталышы |
Мандаттардын саны |
Жергиликтүү кеңештин төрагасын шайлоо датасы |
Кеңештин шайланган төрагасы |
Шайлоо өткөрүү датасы жана убактысы |
|
|
|
Жалал-Абад облусу |
|||||||
|
Аксы району |
|||||||
|
|
1 |
Жаны-Жол айыл өкмөтү |
21 |
12.05.2021 |
Бейшеналиев Камбар Кокумбаевич |
9-июнь 2021 саат 9-00дөн 12-00гө чейин |
|
|
|
2 |
Ак-Жол айыл өкмөтү |
21 |
12.05.2021 |
Султамуратов Таалай Акматбекович |
9-июнь 2021 саат 15-00дөн 18-00гө чейин |
|
Чечим “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7,14,18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөт башчысын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык кабыл алынды.
Аксы аймактык шайлоо комиссиясына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
