КР БШК Кара-Жыгач айыл өкмөт башчысын шайлоону дайындады
21 мая 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 21-майындагы жыйналышында Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айыл өкмөт башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө токтом кылды.
Жалал-Абад облусунун Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2021-жылдын 23-апрелиндеги №131-р буйругу менен Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысы Момунбеков Турдалы Кочкорбаевич берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.
“Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7,14,18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөт башчысын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык КР БШК Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айыл өкмөт башчысын шайлоону 2021-жылдын 10-июнуна дайындоо жөнүндө токтом кылды.
Шайлоо саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.
Аксы аймактык шайлоо комиссиясына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
